I же Y

I же Y

Sajtybyzda sunuştalgan Kyrgyz Latyn alippesinde bir maanilüü özgörtüü boldu. Birtop ojlonuşturup, kyrgyz tildüü koldonuuçular menen pikir alyşyp-berşip oturup Ы tybyşyn latyn Y tamgasy menen berüügö çeçtik.

Эмнеге [ɯ] (Ы) тыбышын берүү үчүн Y тандалып Түркияда колдонулган I тамгасы четке кагылган сыяктуу суроо туулуп жатса анын түшүндүрмөсү мындай.

Негизи, башка түркий туугандардан алыстабайлы деген максат менен [ɯ] тыбышын I ı арыптары менен деле берсек болчудай. Бирок, бир жагынан бул тыбыш Жаңалифтин алгачкы версиясында Y арыбы менен жасылыптыр. Бүгүнкү түркмөн алиппесинде да Y арыбы менен берилген.

Экинчи жагынан, биз, кыргыздар, латын арыптары менен англисче "Kyrgyzstan" деп жазылган өлкөбүздүн атына көнүп калдык. Эми биз эларалык аренада тарап кеткен жана кеңири таанылып көп сандагы басылмаларга ушундай жазылган өлкөбүздүн атына жаңы латын алиипесин да ыңгайлаштырганыбыз оң болчудай.

Анын үстүнө Y y тамгалары бош турганда эмне үчүн аларды колдонбойлу деген суроо туулат экен.

Bul cönündö sizder emne dep ojlosuzdar?

Бул баракка 22 жорум кошулду

Урматтуу зыяратчылар, Ушул

Урматтуу зыяратчылар,

Ушул сунуш жөнүндө кандай пикирлериңер бар, бөлүшүп койгулачы?

Өзүмүн ичимен шектенип

Өзүмүн ичимен шектенип кыйналып жаттым эле, жакшы болбодубу сен да ал шегимди бекемдеп койдуң.

Анда кайра биринчи калыпка алмаштыралы. Бирок латынча C тамгасы такыр эле түшүп калып жатат. Же латынча C менен Ч тыбышын берелиби? Анда да Түркияда колдонулган алиппеден айрымаланып калып жатат.

Ал эми сен көрсөткөн алиппе, албетте, жаман эмес. Бирок мен сунуштаган алиппенин негизги максаттарынан бирөөсү - Жаңалиптен жана түркий элдерде колдонулган алиппелерден алсытабоо болчу. Сен сунуштаган алиппе Европалык кээбир калктардыкына окшойт экен.

Нурзат, сен жактырган алиппе

Нурзат, сен жактырган алиппе булбу?

Арып IPA Unicode Кирил алиппеси
A a [a] U+0041, U+0061 А а
B b [b] U+0042, U+0062 Б б
Ç ç [ʧ͡] U+00C7, U+00E7 Ч ч
D d [d] U+0044, U+0064 Д д
E e [e], [æ] U+0045, U+0065 Э э, Е е
F f [f] U+0046, U+0066 Ф ф
G g [ɡ], [ɟ], [ɣ] U+0047, U+0067 Г г
H h [h] U+0048, U+0068 Х х
I ı [ɯ] U+0049, U+0131 Ы ы
İ i [i] U+0130, U+0069 И и
J j [ʤ͡], [ʒ] U+004A, U+006A Ж ж
K k [k], [kʲ] U+004B, U+006B К к
L l [ɫ], [lʲ] U+004C, U+006C Л л
M m [m] U+004D, U+006D М м
N n [n] U+004E, U+006E Н н
Ŋ ŋ [ŋ] U+014A, U+014B Ң ң
O o [o] U+004F, U+006F О о
Ö ö [ø], [œ] U+00D6, U+00F6 Ө ө
P p [p] U+0050, U+0070 П п
R r [r] U+0052, U+0072 Р р
S s [s] U+0053, U+0073 С с
Ş ş [ʃ] U+015E, U+015F Ш ш
T t [t] U+0054, U+0074 Т т
U u [u] U+0055, U+0075 У у
Ü ü [y] U+00DC, U+00FC Ү ү
V v [v] U+0056, U+0076 В в
Y y [j] U+0059, U+0079 Й й
Z z [z] U+005A, U+007A З з

Бул алиппеде латынча C тамгасы колдонулбаган. Түркиядагы алиппеге жакын турбыз десек анда Ж тыбышын латынча C-га байлап, J тыбышын четке кагышыбыз керек.

Кандай дейсиң?

Нурзат, келиштик анда, жүзгө

Нурзат, келиштик анда, жүзгө жакын сөз кошулуп калды эле, аларды кайра жазып чыгышыбыз керек.

Алиппе барагын соң жолу өзгөртүүдөн мурун дагы бир суроо. Латынча C бош тургандан кийин, ошону Ч тыбышын белгилөө үчүн колдонсокпу же Ç эле оң болобу?

Nurzat, alippeni murunkusuna

Nurzat, alippeni murunkusuna kayra almaştırıp koydum: http://kyrgyzcha.com/page/кыргыз-латын-алиппеси Uşul ele alippeni mından arı özümdün blogumda koldonmok boldum: http://blog.melisbek.com

Kızıktuu makala eken, birok

Kızıktuu makala eken, birok menin oyumça Ý tamgasın koldontturuş abdan ıŋgaysız. Klaviyanın üstündö jeterdüü sanda arıp turgandan kiyin koşumça ümlauttuu tamgalardı koşup keregi jok. J-nı ele koldonuubuz oŋ.

Туура, айтасыз Улан мырза.

Туура, айтасыз Улан мырза. Мен дагы ошондой пикирдемин.

Кызык, сиз жаңы арыптарды кантип орноттуңуз? Мага дагы айтып койсоңуз мен дагы орнотуп алып колдоно баштайын.

Kaysıl tür Operatsyonduk

Kaysıl tür Operatsyonduk Sistemaluu kompüter koldonosuz? Windows, Lınux, MacOS?

Bul jakka özüm koldongon

Bul jakka özüm koldongon klaviyanı koşup koydum: http://kyrgyzcha.org/klavya

Бул жерде "Арып" деген

Бул жерде "Арып" деген корсотмону "Арип " деп эле жазган он.эмне анда биз суйлогондо Кыргыз Арыптары болобу.эч окшобойт,тилге да ынгайсыз.Кыргыз Ариптери жумшак жана ынгайлуу.Балдарыбызга логопед жалдап журот экенбиз да арыптарыны суйлотом деп.Озунор да карап коргуло Ариптер-Арыптар.

Forumga kattalıp jaŋı tema

Forumga kattalıp jaŋı tema açsaŋız bul kızıktuu maseleni özünçö talkuulasak bolot. Arabça harf'tan kelip jatat jana keede arip keede arıp dep ajtılıp jatat. Kaysınısı kırgızçaga ılayıktuurak keskin türdö emin emesmin.

Арапчада ундуу тамгалардан

Арапчада ундуу тамгалардан А,И жана У тамгалары эмес белгилери гана болот.Алар А , жана У тамгаларын атайын тамга катары жазбайт алар Тамгалардын устуно ,астына жана утур белгисиге окшогон белги менен койушат.Ал да болсо Муалим Саниде.Ал эми Куранда же болбосо чон макалаларда ал белгини койбой эле жазып койушат.Ошондуктан харф эмес аны биз И белгисин озубуз астыга койуп окуйбуз.ал эми Орус тамгасында окуганда да Арып деген созду аларга окутсан "арыйп деп окушат ,тили келбейт.Бизде бар "ы"ундуу тамгасы каткалан унсуздордун алдында кездешет.Мисалы:Кыртыш,чакырык,карып,Тамыр,катыр,Барып,

Урматту зыяратчы сиз эмне

Урматту зыяратчы сиз эмне учун бироонун ойун озунуздун ойунуз кылып зыяратчынын атынан жооп жазып койдунуз.Арыптар жонундо мен пикир калтырган болчумун го.Бироонун атынан антип озунузду койуп албаныз.ошондой эле бул жерде ,сиздердин сайтта суроттогу кодду кириниз болуп калыптыр.Тушунуксуз.Суроттогу кодду кийириниз же болбосо териниз болуп жазылса туура болмок.

Ал зыяратчы өзүңүз эле

Ал зыяратчы өзүңүз эле окшойсуз. Сайтка авторизациядан өтпөстөн кошулган жорумдар автоматтык түрдө «зыяратчы» аттуу колдонуучуга таандык болуп калат. Аты жөнүңүздүн чыгышын кааласаңыз, сайтки кирип туруп жорумдаңыз.

Жорум үчүн рахмат. Кээ

Жорум үчүн рахмат. Кээ пикирлер менен макулмун, бирок алиппени татаалдаштырууга каршымын. Қ, Ғ тыбыштары кыргызчада бол экени маалым, бирок аларды К, Г тамгалар менен берип жана туура окуп (айтып) көнүп калганбыз. Ансыз деле башы дайымий саясий тынчсыздык менен айланган кыргызга ар тыбышка кошумча тамга киргизсек андан бетер манди болот. Агартуу системасы бүгүн тамтыгы чыккан акыбалда. Ошонүчүн алиппеге өтүүдө кылдаттык кылып, азыр канча тамга болсо (океңин щ,я,ю,э лерин тышка чыгарып) алардын эквивалентин гана берүүнү туура табам. Анын үстүнө мен сунуштаган вариант түрк, түркмөн, өзбек, казак туугандар колдонотурган алиппеден анчалык деле алыс эмес.

Ал да туура.

Ал да туура. http://kyrgyzcha.org/page/кыргыз-латын-алиппеси барагын окусаң, мен ошол тууган элдердин алиппелерине жакын туттуу максатын көздөп түзгөм. Бирок, башка түрк элдери тилдеринде тыбыш саны көптүгүнөн айла жок кошумча арыптарды колдосо, кыргызчаны Ý, Q (Қ), Ğ лар менен татаалдаштырууга мен каршымын. Бүгүнкү Түркиянын алиппесин мисалга алышыбыз керек - мүмкүн болгончо жөнөкөйлөштүрүлгөн.