«Нарын» келимесинин этимологиясы
«Нарын» келимесинин этимологиясы
Жайындоо тарыхы жана убактысы: Бей, 2011-03-17 07:45
Арапчa nehr (аккан суу) дан чыккан эки дериватив бар экен:
nehren - аккан суу жолун менен, аккан суу боюнча
nehreyn - эки аккан суу арасы. Мисалы, Тигр жана Еврат арасындагы (Месопотамия) же Амударья жана Сырдарья арасындагы топурактарды арапчада Nehreyn десе болот экен. Эми Nehreyn менен Нарындын окшотугу көрүнүп турганы менен Орто Азиядагы топонимдердин көпчүлүгү арабпча эмес парсчадыр. Деги эле арапча топонимдер бар болду бекен жана Нарын келимеси арапча Nehr же анын деривативдерине тиешеси барбы деген шек туйганым үчүн азырынча сөздүккө киргизбей туруп алгач форумдарда сиздер менен чогу тактап алайын дедим. Пикирлериңиз бар болсо ызак этип коюуңуздарды өтүнөм.
- 1285 жолу окунду
Бул баракка 4 жорум кошулду
Саламатсынбы Улан. Мен
Саламатсынбы Улан. Мен "Нарын" созун мурдатан эле кууш деген маанини билдирет деп угуп журчумун. Сенин берген вариантынды мен биринчи жолу учураттым жана абдан кызыктуу экен.
Фасмер Макстын этимологиялык создугундо да монголчо калмакчада "кууш" деген маанини билдирет деп журот.
Саламатсынбы Улан. "Нарын"
Саламатсынбы Улан. "Нарын" созунун мааниси монгол тилинен келген бизче которгондо "кууш" деген маанини берээрин билем.
Rahmat Esengül. Муну
Rahmat Esengül. Муну далилдеген кандайдыр бир онлайн булактарга шилтеме барбы?
приток Сыр-Дарьи, ср. монг.
приток Сыр-Дарьи, ср. монг. narin, калм. narn "узкий", также narn gоl "узкая река" (Рамстедт, KWb. 273). (//www.slovopedia.com/22/205/1638007.html">НАРЫН)