кырсык келимесинин этимологиясы
кырсык келимесинин этимологиясы
Автор: Ulan Melisbek
Жайындоо тарыхы жана убактысы: Бей, 2011-03-17 03:52
Жайындоо тарыхы жана убактысы: Бей, 2011-03-17 03:52
Элмар Бостон тууганыбыз Твиттерде төмөнкү өтүнүчүн ызак этиптир:
Цитата:
@enetili Uyat, shumduk, kirsik, choku, kariz, bishkek, kurong, baykoo jana noshor sozdoru kayaktan kelgen?
http://twitter.com/ramlenotsob/status/47847474806788096
Тимзе боюнча келатам, уят, шумдук келимелеринин этимологиясын аныктадым. Эми кырсыкка келдим. Арапчада حرز (hırz) келимеси жана андан чыккан hirz-i can деген «жандай сактоо, жандоо коргоо» деген сөз бар экен. Бирок, кыргызчадагы кырсык менен байланышы болуп болбогонуна шектүүмүн. Силердин варинттарыңар кандай?
- 714 жолу окунду
Бул баракка 1 жорум кошулду
Элмар, чоку жана байкоонун
Элмар, чоку жана байкоонун тышында баардык сөздөр берилди окшойт текшерип көрчү. Ал эми чоку жөнүндө болсо, өзбектерде латынча cho'qqi, кирилче чўққи (http://fmc.uz/word.php?idlt=15535) деп берилип жүргөнү аныкталды. Ч-тыбышынан башталган көп сөздөр өзбек түркчөсүнө, алардан кыргыз түркчөсүнө парсчадан өткөн. Бирок, түркий тилдерде çok келимеси бар эмеспи (кыргызчада чогулуу, чогулуш жана мештин түбүндөгү чок келимелеринде бар бул сөз). Ошонүчүн, бул сөз түркий же фарсийбы такташ керек болуп жатат.
Байкоо болсо мурун сөздүккө киргизилген багуунун эле бир формасы.