Кыргыздык Республика же Кыргыз Республикасы
Кыргыздык Республика же Кыргыз Республикасы
Автор: Ulan Melisbek
Жайындоо тарыхы жана убактысы: Жум, 2011-03-11 16:40
Жайындоо тарыхы жана убактысы: Жум, 2011-03-11 16:40
Бир жөнөкөй мисал, бул шилтемени карасаңыз http://j.mp/h7ePEU Азаттык радиосундай кыргыз тилиндеги негизги массалык каражат орусча ыкманы кыргызчада колдонуп жатат. Түркий тилдерде ысымдар (зат аттоочтор) керектуу учурларда сапат (сын атооч) түрүндө колдонулат. Башкача айтканда, «Кыргыз Республикасы», «Бала бакчасы», «Маңкурт тили»ндей эле «Жигит сөзү» деп айтылышы керек эле. Анын оордуна «Жигиттик сөз» деп орусча мантык менен кыргызчаны талкалап жатышат... :(
Бу бир гана мисал. Мындай каталар күнүбүздүн манкуртчасында, тилекке каршы, толтура.
- 1171 жолу окунду
Бул баракка 7 жорум кошулду
Кыргыз респүблиги же Кыргыз
Кыргыз респүблиги же Кыргыз Жумурыйаты болуш керек.
Нурзат, мага да Жумуруят
Нурзат, мага да Жумуруят жагымдуурак, ошондой болушу керек эле, бирок дагы бир жолу окуп көрчү - теманын маңызын түшүнбөптүрсүң.
Теманы түшүндүм. Ага түз
Теманы түшүндүм. Ага түз байланышы жок болсо дагы, жазып койдум. Ал эми тема бойунча болсо, орусташып кетип баратканызбызды танганга болбойт. -дык, -лык ж.б.у.с сөз мүчөлөрү эч себебсиз эле сөздөргө чапталып колдонулуп жүрөт бир топ жерлерде. Жеке пикиримде, бул көрүнүш кыргыз тилиндеги сабатсыздыктын кесепетинен келип чыгып жатат. Элдер орус тилинде ойлонуп, кыргыз сөздөрүн татаал орус тил грамматикасына салып жатышат. Негизи, тил өнүккөн сайын жөнөкөйлөйт, а бизде болсо тескери татаалдашып бараткансыйт.
Кыргызстан эле болуш керек
Кыргызстан эле болуш керек деп ойлоймун. Анткени -Стан деген соз Перс тилинен которгондо Мамлекет деген мааниси бар.
Башкача айтканда Кыргыз Мамлекети деген маани болуп калат.
Айтылгандарды алгач окуп алып
Айтылгандарды алгач окуп алып туруп жооп бербейсинерби! Улан байке ошол Кыргыздык республика дегендерди шылдындап жатпайбы.
Жакында кыргыз тил
Жакында кыргыз тил комиссиясынан бир киши менен сүйлөшүп калдым. Ал киши өткөндө комиссияга бир нече сөздөр тизмеси түштү дейт. Алардын арасында, оодан (район), дубан (область) ж-а жумурыят (республика) сөздөрүн кыргызчалатыш керек болчу экен.
Кыскасы, добуш аркылуу оодан, дубан өтүп жумурыят өтпөй калыптыр. Мен ал кишиге силер чоң ката кетирдиңер деп ачык эле айттым. Республикага караганда жумурыят кыргыздарда мурунтан эле колдонулуп үндөшүү мыйзамына туура келген сөз болчу.
Эми ал кишинин айтымында, жакындан баштан бүт ишкагаздарда оодан ж-а дубан деп жазыла баштайт экен.
Кап жумурыят өтүп калса, ал дагы бажырайып жазылмак.
Балким кийин жумурыятты өткөргөнгө дагы аракет кылып көрүшөр...
Оодан, дубан кылгандары абдан
Оодан, дубан кылгандары абдан дурус болуптур. Облус деген сөзгө кыжырым кайнап жүрчү эле. Эми жумуруятты да келечекте бир күн киргизербиз. Негизи менин принцибим расмий тилге карабай башка түркий элдерде болгон терминдерди кыргызчада да колдоно берүү. Антпей, саясатка байлануу тил коммиссиясын күтүп отураберсек тил жоголуп кетет.