Кыргыз латын алиппеси

Кыргыз латын алиппеси

Арып IPA Unicode Кирил алиппеси
A a [a] U+0041, U+0061 А а
B b [b] U+0042, U+0062 Б б
Ç ç [ʧ͡] U+00C7, U+00E7 Ч ч
D d [d] U+0044, U+0064 Д д
E e [e], [æ] U+0045, U+0065 Э э, Е е
F f [f] U+0046, U+0066 Ф ф
G g [ɡ], [ɟ], [ɣ] U+0047, U+0067 Г г
H h [h] U+0048, U+0068 Х х
I ı [ɯ] U+0049, U+0131 Ы ы
İ i [i] U+0130, U+0069 И и
J j [ʤ͡], [ʒ] U+004A, U+006A Ж ж
K k [k], [kʲ] U+004B, U+006B К к
L l [ɫ], [lʲ] U+004C, U+006C Л л
M m [m] U+004D, U+006D М м
N n [n] U+004E, U+006E Н н
Ŋ ŋ [ŋ] U+014A, U+014B Ң ң
O o [o] U+004F, U+006F О о
Ö ö [ø], [œ] U+00D6, U+00F6 Ө ө
P p [p] U+0050, U+0070 П п
R r [r] U+0052, U+0072 Р р
S s [s] U+0053, U+0073 С с
Ş ş [ʃ] U+015E, U+015F Ш ш
T t [t] U+0054, U+0074 Т т
U u [u] U+0055, U+0075 У у
Ü ü [y] U+00DC, U+00FC Ү ү
V v [v] U+0056, U+0076 В в
Y y [j] U+0059, U+0079 Й й
Z z [z] U+005A, U+007A З з

Кыргыз латин алиппеси Жаңалифтин негизинде Улан Мелисбек тарабынан түзүлгөн.

Бул алиппени ойлонуштуруп түзүп жатканда кыргыз элин жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий, адабий, илимий жана техникалык баалылыктарына жакындаттыруу максаты эң биринчи иретте көңүлгө алынган. 1920-1930-чу жылдары Советтер Союзунда жашаган 66 улут өткөрүлгөн латин алиппелерге, түрк элдерин алсак алгач татар эли, кийинчерек азери, алтай, башкыр, казак, кыргыз, каракалпак, карачай, түркмөн, уйгур, өзүбек, хакастардын кабыл алган алиппелери изилденип чыгып бир жагынан тарыхий Жаңалифке, экинчи жагынан бүгүнкү күндө эң көп тараган жана аны колдонуп эң көп маалымат басылган Улуу Ататүрк өзү кабыл алган Түрк алиппесине жакын тутууга чечим алынган. Ошол эле кезде башка түрк элдеринде колдонгон айрым тамгалар кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө туура келбестиги үчүн, кыргыз тилине эң ылайыктуу түрдө түзүү максаты менен кээбир айырмалар пайда болгон.

  • Биртоп түрк элдеринде [ʤ͡]-[ʒ], [ɡ]-[ɟ]-[ɣ], [k]-[kʲ] же [n]-[ŋ] тыбыштары үчүн өзүнчө арыптар менен берилет. Мисалы, J-C (Ж-Җ), G-Ğ (Г-Ғ), K-Q (К-Қ), N-Ŋ (Н-Ң). Бирок кыргызчада бирбирине окшош, жакын эки тыбыш бир тамга менен берилип кыргыз тилдүү коомчулук буга көнүп калган. Мисалы, бүгүн колдонулган кыргыз кирил алиппесинде жогоруда саналган жакын тыбыштар экөөлүктөрүнөн жалгызча Н-Ң гана бар. Калган учурларда кыргыз тилдүү инсандар кайсыл учурда үндүүсү же үнсүзү, каттуусу же жумшагы керек экендигин өзүнүн ички логикасы менен сезип турат жана баардык башка кыргыздарга түшүнүктүү түрдө жазабилет, жазылганды түшүнүп окуй алат. Ошонүчүн, кыргыздар көнүп калган тамгалардын санын өзгөртпөй башка түрк элдеринде жана Түркияда колдонулган алиппенин кээбир тамгаларынан баш тартканбыз.

    Жогоруда иреттелген экөөлүктөрдүн экинчи тамгаларынан кыргыздарга манилүү Ŋ тамгасын гана калтырып C, Ğ, Q четке кагылган.

  • Эмнеге J-C (Ж-Җ) арасында J тандалып Түркияда колдонулган C тамгасы четке кагылган сыяктуу суроо туулуп жатса анын түшүндүрмөсү мындай. Совет доору соңуна эрип, кыргыз калкы окуу, соода, турмуш куруу максатында тышкы өлкөрөгө саякаттанабаштагандан бери англисче латып алиппеси абдан активдүү түрдө колдонулуп келди. Кыргыздардын паспортторунда ысымдары англисче же франсузча транслитерация менен жазылган. Кыргыз жаштары Интернет барактарында талкууларда болобу, e-mail аркылуу жазышууларда болобу англисче транслитерация колдонуп келатышат, социалдык проекттерде аттарын англисче жазып катталышат. Биртоп кыргыздын атында же фамилиясында Ж тамгасы бар жана ал латын J тамгасы менен берилип келген. Тажрыйба көрсөткөндөй J-га көнүп калган кыргыз өз аты-жөнүн C менен жазуудан тартынып каршылык көрсөтөт экен. Анын үстүнө түрк алиппесиндеги J тамгасы да абдан сейрек колдонот жана кыргыз үчүн Ж менен Җ бир тамга менен жазылып келип бир болуп калганы үчүн J тамгасы бош болгондуктан Ж менен Җ тыбыштары үчүн J тамгасын колдонууга чечим алынган.

    Расмий түрдө кабыл алынган Уйгур латын алиппесинде дагы [d͡ʒ] тыбышы J, j арыптары менен берилген.

  • Ататүрктүн алиппесинде болбогон жалгыз Ŋ тамгасы гана Ң тыбышын бериш үчүн киргизилди. Негизи, бул тыбыш деле кыргызчада J менен C (Ж-Җ), G менен Ğ (Г-Ғ), K менен Q (К-Қ) тек (бир) тамга менен кандай берилип келгендей сыяктуу N менен берилсе болот эле. Кыргыз Ң тыбыштуу сөздөрдү көргөндө өзү эле туура түшүнүп окуп кетет. Бирок ал тыбыш бүгүнкү кирил алиппесинде өзүнчө тамга менен берилгени үчүн UNICODE камсызндандырган бол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп кыргызча латын алиппесине да эң ыңгайлуу жана формасы эң жакын, окшош Ŋ тамгасын кошууну чечтик.

Кириллица алиппесиндеги тамга иретине көнүп калгандарга атайын төмөндөгү салыштырма жатыбалы берилмекчи.

А а A a П п P p
Б б B b Р р R r
В в V v С с S s
Г г G g Т т T t
Д д D d У у U u
Е е * Ү ү Ü ü
Ё ё * Ф ф F f
Ж ж J j Х х H h
З з Z z Ц ц *
И и İ i Ч ч Ç ç
Й й Y y Ш ш Ş ş
К к K k Щ щ *
Л л L l Ъ ъ *
М м M m Ы ы I ı
Н н N n Ь ь *
Ң ң Ŋ ŋ Э э Е е
О о O o Ю ю *
Ө ө Ö ö Я я *

* Е, Ё, Ц, Щ, Ю, Я тамгалары түрк тилдеринде жок жана колдонулбашы керек. Кириллица колдонгон күнү да ал арыптар Йе, Йо, Тс, Шь, Йу, Йа деп жазылышы керек эле, бирок тилекке каршы совет тилчилери көп жылдар боюнча тилибизге ылайык болбогон ошол тамгаларды колдонттуруп бизди көндүрүп салышкан.

Эми латынча арыптарды, кудай буйруп, акырындык менен колдонобаштасак, албетте, ал тамгаларды Ye, Yo, Ts, Ju, Ja диграфтары менен беребиз. Ал эми Щ арыбы колдонулган түркий сөз табийгатта жок, бирок абдан сейрек учурларда кээбир орусча сөздөрдү кыргыз латын алиппеси менен бергибиз келсе Ş тамгасына апостроф же ç тамгасын кошуп Ş' же Şç түрүндө жазса болот.

А | Б | Д | З | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ч | Ш | Ы | Э | Ү | Ө