кейип kejip

Арабча: keyf
    -ысым
  1. Дене эсендиги, соолук, акыбал: «Кейпиңиз кандай?»

  2. Жандуулук, кайгысыздык, ич ыракаттыгы: «Тигинин кейпине карасаң, азыр андан өтөөр бактылуу киши жок көрүнөт.»

  3. Ыракат, кузур, апият.

  4. Алкоголдуу ички же уюштуруучу заттарды (баңги заттарды) колдонгондо инсанда көрүлгөн акыбал.

Бул баракка 7 жорум кошулду

Айткандарың туура, бирок

Айткандарың туура, бирок «кейүү» такыр эле башка сөз. Ал өзтүркчөнүн «кайгысына» барып таянат ко дейм, изилдеп көрүш керек. Азыр башкы бетте жазылган нерсени азыр кайталап кетишим керек болуп калды окшойт:

Бул сөздүк күнүбүздүн кыргызчасында колдонулган сөздөрдүн кадимки түшүндүрмө сөздүгү болуп саналаалбайт.

Тескерисинче, кыргызчага келип кошулган арабча, парсча, моңголчо, түркчө сөздөрдүн булак тилдериндеги маанилерин түшүндүргөн сөздүк. Муну дагы көзгө жакшырак көрүнүктүү жерде баса айтыш керек окшойт.

Эмнеге бардык проекттериңизде

Эмнеге бардык проекттериңизде түркчөлөштүргөнгө аракет кыласыз?

Түркчөлөштүргөнгө кажети жок.

Түркчөлөштүргөнгө кажети жок. Анткени кыргызча — түрк тили! Кааласаңыз, кыргызча түркчөнүн бир диалекти. Өзбекче, казакча, түркмөнчө, азериче, уйгурча — баары тең түрк тилдери. Аларды түркчөлөштүрүү жөнүндө даттануу орусчаны славянчалаштыруу жөнүндө маанисиз жана күлкүнүчтүү күнөөлөмө сыяктуу болуп калат.

Баса, бул сөз түркчө эмес,

Баса, бул сөз түркчө эмес, арабча. Ошонүчүн, бул жерде мага койгон күнөөлөмөңүздө түркчөлөштүрүү эмес, арапчалаштыруу сөз темасы болушу керек ;)

Урал-Алтай группасына киргени

Урал-Алтай группасына киргени чындык дечи, бирок жалпы түркий тилдер ал группанын бир алтгруппасы (субгруппасы, алдыңкы группасы). Урал-Алтай тобуна кирген тилдердин сөз казынасы бирбирине окшош. Ошонүчүн, элибиз бираз сөздөрдүн булак тилиндеги маанилерин түшүнсүн, бир пайдасы тийсин деген максат менен ачкан бул демилгени саясатка, бөлүүчүлүккө, бирөөлөрдү жактыруу, башкаларды жаман көрүү субъективдүү сезимдерге аралаштырбасак болот эле.

Бул проже чегинде сөздөрдүн булак тилиндеги маанилери түшүндүрүлүп берилет, кайсы эл же кайсы тил жакшы же жаман, бизге жакын же бизден алыс деген маселелерди караштырбайт. Андай тартышууларды, албетте, форумдарда ачып чексиз талкууласак болот. Бирок сөздүккө кошулган сөздөрдүн барактарында сен өзүң «бакан» сөзүн «багуу» келимесинин барагында сунуштаганыңдай сөздөрдүн ар түрдүү колдонулушун, маанилерин толуктап, тактап турсак жакшы болот эле, «түркчөлөштүрүү», «арабчалаштыруу» деген күнөөнөмөлөрдөн алыс туруп.

А | Б | Д | З | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ч | Ш | Ы | Э | Ү | Ө